Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган “Манас” эл аралык аба майданынан транзиттик ташуулар борбору тууралу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен АКШнын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу” мыйзамдын долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда каралат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)