Медиа өкүлчүлүгү шаардык соттун чечимине тынчсыздануусун билдирди

Медиа өкүлчүлүгү сот тарабынан “Учур” гезитинин укугу бузулуп, басылмага карата Жарандык Кодекстин 16-беренеси туура эмес колдонулган деп эсептейт. Алардын маалыматы боюнча 2008-жылы журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жүздөн ашуун соттук териштирүү катталган. Сот 1 миллион сомдон айып пул салып, “Алиби” жана “Де-факто” гезиттери жабылууга дуушар болгон. Бул сөз эркиндигин ооздуктоо, алардын укуктарынын бузулуусу эми “Учур” гезитине дагы кайталанып жатат, деп билдирди Медиа өкүлчүлүгү. Аталган гезиттеги макала боюнча “Жанат” мейманканасы басылманы сотко берип, Бишкек шаарынын район аралык соту “Учурду” 3 млн. сомго айыпка жыгып, мейманкана ээлерине 2 млн. сомду моралдык зыян үчүн, ал эми 1 млн. сомду материалдык чыгым үчүн төлөп берүүнү милдеттендирген. Кечээ Бишкек шаардык соту район аралык соттун чечимин күчүндө калтырды. (AJ)