Ооганстандагы соңку жарылуу менен жанкечтилердин чабуулдарынан 14 адам каза тапты

Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, алардын көпчүлүгү жөн-жай тургундар. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Хост шаарында кечээ жанкечти жасаган жардыруудан 8 киши каза тапты, 48 адам жаракат алды. Үч ооган аскери Кандагар провинциясында алардын кербенине мотоцикл айдаган жанкечти кол салганда мерт болду. Ал эми чыгыштагы Нангархар провинциясында курал жана ок дары сакталган кампанын ичиндеги жарылуудан үч жөн-жай турган каза тапты.