Иран: нааразылык иш-аракеттер күч менен токтотулат

Ирандын Жогорку мыйзам чыгаруу органы – Ислам ыңкылабынын Сакчылар кеңеши президенттик шайлоо жыйынтыгынын бурмалангандыгына нааразы болгондордун мындан аркы нааразылык иш-аракеттери тандалма коопсуздук кошуундары тарабынан күч менен токтотуларын эскертти. Сакчылар кеңешинин интернет баракчасында бүгүн жарыяланган билдирүүдө демонстранттардын аракеттери Иранга каршы кутум катары бааланган. Мындай эскертүүгө карабастан жүздөгөн демонстранттар бүгүн да Тегерандын борборунда чогулушканы кабардалды. "Азаттыкка" келген электрондук катта Тегерандын айдоочуларына жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 5 менен 6нын ортосунда бийликке нааразылык кылгандарга тилектештик ирээтинде жана набыт болгондордун элесине арнап унаалардын алдыңкы жарыгын күйгүзүп жүрүү сунушу таркатылган. Ал эми Италиянын тышкы иштер министрлиги болсо жабыр тарткан демонстранттар үчүн өзүнүн Тегерандагы элчилиги каалгасын ача турганын бүгүн маалымдады.