Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас Иордандын Батыш жээгиндеги ХАМАСтын камакка алынган бардык мүчөлөрүнө эркиндик берүүнү буйруду. Махмуд Аббастын жардамчысы Аззам Ахмеддин айтымында, бул буйрук жакын арада ишке ашырыла баштайт. Бирок Аббаска жакын маалымат булактарынын ырасташынча, ХАМАСтын мүчөлөрүнө “жалпы коопсуздукка жана мыйзамга каршы келе турган аракеттерге мындан ары барбайт деген шарт менен” эркиндик берилмекчи.