Киши өлтүргөндүгү үчүн издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Орусияда кармалды

КР Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, 21-май күнү Орусиянын Челябинск облусунун милиция кызматкерлери тарабынан Хусан Кадиров кармалган. Ал 2007-жылы августта Жалал-Абад шаарында Ф. Юсуповду өлтүргөн, деген шек менен эл аралык издөөгө алынган. КР Башкы прокуратурасы Х. Кадировду кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында кайра Кыргызстанга кайтарып берүү өтүнүчү менен 17-июнда Орусиядагы кесиптештерине кайрылды. Бул маселени азыр Орусиянын Башкы прокуратурасы карап жатат.(ZKo)