АКШ Түндүк Кореянын ыктымал ракета атуусуна даяр

АКШнын армиясы Түндүк Кореянын ыктымал ракета атуусуна кандай болбосун даяр экенин президент Барак Обама билдирди. Обамадан анын айткандары аскерий жооп болорун алдын ала эскертүүбү же жокпу деп сурашканда, АКШ президенти “жок” деген жооп узатты. Быйыл 25-майда Түндүк Корея өзөктүк сыноо өткөрүп, анын соңунан ракеталарын да сынаган. Пхеньянды бул аракеттери үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңеши санкцияларды күчөтүү аркылуу жазалагандан кийин ал эми АКШнын Гавай аралдарын көздөй узак аралыкка мерчемделген ракетасын учурууну караштырып жатуусу мүмкүн.