Иран сыналгысы Тегерандагы тополоңдо 10 кишинин өлгөнүн кабарлады

Ирандын мамлекеттик сыналгысы полиция менен оппозициячыл демонстранттардын кечээки (20-июндагы) кагылышуусунда Тегеранда 10 киши өлгөнүн, 100дөн ашуун киши жараат алганын кабарлады. Коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таркатуу үчүн союл, суу атма, жаш чыгаруучу газ колдонушту. Англис тилиндеги мамлекеттик “Пресс ТВ” каналы болсо 13 кишинин каза болгону жөнүндө кабарлаган эле. Бул сыналгы канал ошондой эле мурдагы президент Хашеми Рафсанжанинин улуу кызы Файиза Хашеми жана башка 4 үй-бүлө мүчөсү ишембиде кечинде камакка алынганын маалымдады.