21-июнь күнү Ысык-Көл райондук шайлоо комиссиясы чучу кулак жолу менен шайлоо участкаларына байкоочуларды бекитти. Бирок ага БЭКтен көрсөтүлгөн 48 өкүл келген жок. Анткени 20-май күнү жергиликтүү шаар жана айыл өкмөт кызматкерлери аларды кысымга алып, байкоочулуктан баш тартууга арыз жаздырган деген кеп тарады. БЭКтин Ысык-Көл району боюнча штаб башчысы Канат Сопиев бул маселе боюнча райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Садыбаковага кайрылганда, ал байкоочулуктан баш тарткандардын башкы себеби үй-бүлөлүк шартына байланыштуу экенин ырастады. (RB)