Демонстранттар өткөн аптадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушууда. Өлкөнүн көсөмү Аятолла Али Хаменейи кечээ демонстрация өткөрбөөгө чакырган эле. Күбөлөр миңдеген демонстранттар көчөлөрү кесилишкен үч жерде чогулганын билдиришүүдө. Аларга миңдеген полиция кызматкерлери жана Басиж күчтөрү кол салды. Ирандын Жогорку Кеңеши бүгүн кайрадан оппозиция лидерлерин «мыйзамсыз» демонстрациялар үчүн жооп берип калышаарын эскерткен. Полициялык көзөмөл Рашт жана Исфахан шаарларында да күчтүү экендиги кабарланууда. Анын аралыгында, Тегерандагы Иран төңкөрүшүнүн жол башчысы Аятолла Рухолла Хоменейинин күмбөзүндө жанкечти өзүн өзү жардырганы кабарланды. Бул маалыматка көз карандысыз бышыктоо болот элек.