Кошмо Штаттардын космос агенттиги Айга кеме учурду

НАСА 2020-жылга чейин Айга астронавттарды кайра жиберүү даярдыгынын алкагында бүгүн Флоридадан кемесин учурду. Жабдык айдын картасын чийип, ал жиберген сүрөттөр болочокто астронавттардын кемеси коно турган жерди тандоого жардам бермекчи. Октябрда Айга экинчи кеме жол тартат деп күтүлүүдө. НАСА бри нече жылдан бери Айга миссия жиберүү ишин токтотуп койгон болчу.