Активисттер ачкан атайын веббаракчага саясатчылар, белгилүү адамдар 64 жашка толуп жаткан Су Чиге колдоосун билдирген каттарын жөнөтүшүүдө. Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Су Чи 13 жылдан бери үй камагында отурат. Ага жакында камактын шарттарын бузду деген айып тагылып, ушу тапта сот процесси жүрүп жатат.