Б.Акунов: Маммүлк комитети мүлктөрдү таратып,сата турган орган болуп калды

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Кыргызстан коммунисттери фракциясынан депутат Бейшебек Акунов парламент отурумунда билдирди. Анын айтымында, өзүн өзү башкара албаган, өзүн өз кармай албаган мамлекет - бул мамлекет эмес. Ал энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы көз караштагы депутаттардын пикирине толук кошуларын белгиледи. “Камбар-Ата -2 ГЭСнин 17 пайыз акциясын акционердик коомго берүү эртеңки күнү аны менчиктештирүүнүн амалы”,-деди Акунов. Депутат Николай Байло дагы Камбар-Ата ГЭСтерин акционерлештирүүгө каршы пикирин билдирип, буга кандайдыр бир топ ээлик кылып, мамлекет акыркы “таттуу токочунун кесиминен” куржалак калаарын айтты. Бир катар депутаттар “2-Камбарата гидроэлектростанциясы” ачык акционердик коомунун уставдык капиталын уюмдаштырууга каршы пикирлерин билдиришти.

Жыйынытыгында “Камбар-Ата-2 ГЭСинин акционердик коомунун уставдык капиталына мамлекеттин үлүшү 100 пайыз болуш керек деген депутаттардын сунушу добушка коюлуп, 48 депутаттын добушу менен колдоо тапты. Бүгүн парламент отурумуна “Курулушу аяктай элек объект болгон “2-Камбарата гидроэлектростанциясынын” түзүлүп жаткан “2-Камбарата гидроэлектростанциясы” ачык акционердик коомунун уставдык капиталына уюмдаштыруучу салым катары кошуунун шарттары жөнүндө” өкмөттүн токтомунун долбоорун Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов сунуштады. Өкмөттүн долбоорунда мамлекеттин үлүшү 83,5 пайыз деп көрсөтүлгөн болчу. (AJ)