Эл аралык валюта корунун жетекчиси Өзбекстанга иш сапары менен келди

Доминик Стросс-Кан “өзбек өкмөтү жүргүзгөн экономикалык саясат мактоого татыйт” деген баа берди. Эл аралык валюта корунун эсебине ылайык, ушул жылы Өзбекстандын экономикалык көрсөткүчү 7 пайызга өсөрү күтүлүүдө. Эл аралык валюта корунун жетекчиси Кан өзбек президенти Ислам Каримов менен жолугушуу маалында Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу өзбек өкмөтүнүн экономикалык планы туура болгонун белгиледи.