Бийликти жактаган адамдар мына ушундай аракеттерди жасоого шымаланышты. Бирок жергиликтүү тургундар алардын А. Атамбаевге караштуу баннерлерди жулуу оюн ишке ашырышкан жок. Көрсө, райондун борборунда А. Атамбаевди үгүттөө жарнамасы президент К. Бакиевдикинен мурда илинген экен. Атамбаев менен жолугушууга келген элди күч уюмдары тегеректеп курчап турушту. Мындай маалымат А. Атамбаевдин шайлоо штабынын маалымат катчысы Жоомарт Сапарбаевден телефон аркылуу алынды.
Маалымат катчы ошондой эле Кара-Көл шаарында да өлкө башчылыгына талапкер А. Атамбаевдин шайлоочулар менен жолугушуусу болуп, Ага 150-200дөй адам катышканын кошумчалады. Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, жыйын маалында эки мас киши чагым жасоого аракет кылды, бирок чогулган эл аларды өздөрү эле тыйып коюшту.(YA)