Таласта мамлекеттик кызматкерлер президентти тосуп жатышат

Президент Курманбек Бакиев бүгүн Таласка барды. Учурда ал “Манас-Ордо” комплексинде эл менен жолугушаары күтүлүүдө. Буга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Учурда комплексте алты миң чамалаш киши чогулду. “Азаттыктын” сурамжылоолоруна караганда алардын басымдуу бөлүгүн мамлекеттик кызматкерлер түзүүдө.(BuS)