Бириккен элдик кыймыл тараткан билдирүүдө БШКнын укуктук актылары, башка чечимдери мамлекеттик тилде кабыл алынбай, а тургай, кыргыз тилине которулбай, бул органдын расмий сайтында жарыяланбай жарандардын мамлекеттик тилде маалымат алуу укугу эле эмес, шайлоо укугу да одоно бузулуп жаткандыгына сын айтылат. "Ушул күнгө чейин БШКнын интернет-барагынын кыргызча бөлүгүндө кыргызча бир да материал жарыяланбаганы таңкалычтуу жана өкүнүчтүү. Биз Кыргызстанда эмес, Орусияда жашап, шайлоо да ошол мамлекетте өтүп жаткандай таасир калтырат",-деп жазылган билдирүүдө. (KCh)