Нарында бейөкмөт уюмдар И.Каримовдон эл ортосуна чок салууну токтотууну талап кылууда

Бейөкмөтчүлөр «Naryn.kg» медиа борборунда өткөн тегерек столдун жыйынтыгында Өзбекстандын президенти И. Каримовго кайрылуу кабыл алышты. Анда «эки өлкө ортосундагы чек арадагы талаш аймактары боюнча эки элдин ортосуна чок салган мамилени токтотууну талап кылабыз» деп жазылган. Тегерек столдун катышуучулары чек ара маселеси биздин өлкөдөгү президенттик шайлоодон да курч турушу мүмкүн деген пикирге келишти. Нарын облусунда бир жумадан бери Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине жарандардардын атынан кайрылуулар кетип жатат. Кайрылууларга канча жаран кол койгону ушул аптанын жума күнү билинет. (JI)