А. Абдрасулова: Өз жарандарын Кыргызстан сыйлабаса, башка өлкөлөр тебелейт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү Ноокат окуясы боюнча соттолгондордун тууган-уруктарынын үйлөрүнө барып, аларды видео-маекте соттолгон жакындарын “Хизб-ут-Тахрир” партиясына тиешеси бар деп президент Курманбек Бакиевден кечирим сураганга жана ырайым кылсын деп айтууга мажбурлап жатышат. Бул жөнүндө “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова “Азаттыкка” айтып берди.
-Кечээ сиздер тараткан билдирүүдөн кийин КР Коопсуздук кызматы өзбекстандык кесиптештеринин жолуна түшөбү деген ой келет экен? Анткени президенттен ырайым суроону Өзбекстандын коопсуз кызматы талап кылат деп айтылып жүрчү эле. Сиз кандай дейсиз?

-Ооба, сиздин айтканыңызга мен макулмун, себеби эң коркунучтуу, өкүнүчтүү жери ошол Улуттук коопсуздук кызматтары ар бир соттолгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакын туугандарына барышып: “Ошол видео-камерага карап туруп түз сүйлөп бергиле, “менин тууганым, келиним же болбосо балам, атам Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү болчу, ошол туура эмес жолго түшкөн экен, мындан кийин бул жолдон кайтат. Эми президент кечирим берсин” деп айткыла” деп, ушундай бир иштерди жүргүзүп атышат да.

Анан, албетте, ал соттолгондордун туугандары бизге чыгышып, адвокаттарына чыгышып, биз да таңгалып, бир жагынан өкүнүп аткан убагыбыз. Мындай окуялар 37-жылы сталиндик репрессия деген убактарда атасы баласынан кечип, баласы атасынан кечип, ошол күнөөкөр деп айткан же болбосо бүгүнкү күндө мына коңшу өлкөлөрдөгүдөй жаман, ыплас саясатка кирип алганыбыз өкүндүрөт.

- Сиз кандай ойлойсуз, акыркы убактарда Анжияндагы, Ханабаддагы окуялар көрсөткөндөй, мүмкүн Хизб-ут-Тахрир партиясынын жанданышы, бийликке ээ бербей атышы Кыргызстандын түштүгүндө чын эле коопсуздукка коркунуч жаратып жаткандыр?

-Мен тескерисинче ушул Ханабаддагы окуя биздин Кыргызстандын туура эмес жүргүзүп аткан саясатынын натыйжасы деп эсептейм. Себеби, эч бир далили жок, эч бир фактысы жок туруп өзбек бийлиги айтты, ошол Ханабаддагы окуяны чыгаргандар Кыргызстандан өтүп келишти деп. Кыргызстандын жарандарын күнөөлөп койгонго биздин бийлик жол ачып койду.

Себеби биздин бийлик эч күнөөсү жок 32 адамды 20 жылдан камап, мына ошого жол ачып койду. Мына бизде террористер, экстремисттер бар корккула деп башка мамлекеттерге көрсөтүп койбодубу. Бүгүнкү күндө бир эле Өзбекстан эмес, башка коңшу өлкөлөр дагы Кыргызстандын жарандары келип экстремистик, террорчулук жасап атат, булар өзүлөрү айтышкан, өзүлөрүнүн бийлиги айтып жарандарын соттогон буларда экстремисттер бар, террористтер бар десек болот.

Мына мен кечээ күнү эле Өзгөндө болгонумда Ана-Кызыл айылынан бир тургунун өзбек чек арачылары сүйрөп алып кетип, мынакей бүгүн 15 күн болуп калды. Ошол адамдан дайын жок, атасы ыйлап Өзгөндүн милицияларында, прокуратурасында жүрөт. Бул эмне деген нерсе? Бул деген кыргыз бийлиги качан өзүнүн жарандарын сыйлабаса башка коңшу өлкөлөрдүн бийликтери да таптакыр сыйлабайт да. Сыйламак тургай тебелейт деген сөз.

- Мына Оштон Ноокатка барган аткан экенсиз. Ошол Ноокат окуясынын күнөөкөрлөрдүн же болбосо ошол жазаланып калгандардын туугандары менен жолугушууга сиздерге мүмкүнчүлүк берилиши мүмкүнбү?

-Эми бүгүн баратабыз биз Омбудсмен институтунун Ош облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте, Ош облусунун бардык ички иштер бөлүмдөрүнө, милиция кызматкерлерине ушундай окутуу семинарларды жүргүзүп атабыз. Эки райондо болдук Алай жана Өзгөн районунда.

Бүгүн Ноокатка барабыз, албетте, милиция кызматкерлеринде биздин программанын негизиндеги окутуу иштерин өткөзөбүз. Андан кийин убактым болуп калса, албетте, мен ошол соттолгондордун туугандарына жолугуп, алардын айткандарын өз ооздорунан угуп, керек болсо арыздарын алганга аракет кылам деп ошондой иш пландаштырып атам.

-Азиза айым, сизге чоң рахмат.