Бул тууралуу “Азаттыкка” жаштар департаментинин жетекчиси Айдар Жоробеков маалым кылды. 16-июнда жаштар саясаты тууралуу жаңы мыйзам парламенттик угуудан өттү. Жаңы долбоорго кесин өзгөртүүлөр киргизилген. Мисалы буга чейин 14 -35 жашка чейинкилер жаштарга кирсе, эми беш жашка кыскарып 30 жашка чейинкилер жаштарды түзөт. Ошондой эле жаңы долбоордо жаштар үчүн бир катар жеңилдиктер да алынып салынган. Бул жаштарды кандайдыр бир аярлуу социалдык топторго кошуудан алыс болуу менен негизделген. Парламент Жаштар саясаты тууралуу жаңы мыйзам долбоорун эс алууга чыкканча карайт. (SA)