СДП: Бийлик шайлоого камылгаларга тоскоол болууда

СДП өз байкоолорунун негизинде ушундай мазмундагы маалымат топтомдорун таратты. Анда белгиленгенге караганда Баткен облустук шайлоо комиссиясы одоно мыйзам бузууда. Мындай арыз менен президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин райондук шайлоо штабынын башчысы, Бужум айылынын тургуну Абдибакир Имаров райондук сотко кайрылды. Ал эми облустук штаб башчы Ташболот Балтабаев өзүнө каршы аңдуу коюлганын маалымдады. Ошондой эле СДП өз байкоолоруна таянып билдиргенине караганда Баткен аймагында БЭК, СДП, Атамбаев сыяктуу сөздөрдү айткандарга кысым жасалууда.

Токтогулда Салават Аликеевге СДП штабын башкарууга Үч-Терек айыл өкмөтү тыюу салгандыгы, Нарында СДП шатбында иштегендерге жыл сайын берилчү социалдык жардамдарды берүүдөн райондук соцфонд баш тарткандыгы, Сокулукта аймактык штабдын кеңсесин анын кызматкерлери өздөрү бошотууга аргасыз болгондугу өңдүү маалыматтарды да СДП маалыматында белгиленген. (BuS)