Өткөн төрт айда Кыргызстанга 18 өлкөдөн жашылча-жемиш ташылган

Мамлекеттик бажы комитетинин маалыматына караганда ал өлкөлөрдүн катарына Эквадор, Орусия, Италия, Франция, Казакстан, Кытай, Түркия, Украина, Израил, Испания, Египет, Марокко, Иран, Пакистан, Ооганстан, Вьетнам, Өзбекстан, Грузия кирет.
Алардын ичинен Кытайдан Нарын, Ош бажысы аркылуу 8 173, 28 тонна алма, алмурут, айва, 2 467, 95 цитрус жемиштери, 901, 60 тонна пияз, көк пияз баштаган чөп чар жашылчалары ташылып келинген.
Мындай маалыматты Бажы комитети Адамдын саламаттыгына зыяндуу жана терс таасири бар азык-түлүктөрдү чет өлкөлөрдөн ташып келүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жаткан жумушчу топту сунушуна ылайык берди. Жумушчу топтун башчысы, ЖК депутаты Мариям Исанованын маалыматына караганда Бажы комитетинен маалымат 2008-жыл жана быйылкы жылдын алгачкы төрт айы үчүн маалымат суралган. Аталган мыйзам долбоору учурда адистешкен комитеттин кароосуна даярдалууда. (BuS)