Укук боюнча эл аралык мыйзамдар тууралуу студенттерге семинар өттү

Кыргызстандагы бир нече окуу жайлардын студенттери жана адам укугун коргоо боюнча иштеген бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда бүгүн семинар өттү. Анда адам укугун коргоо боюнча эл аралык мыйзамдардын Кыргызстанда аткарылышы кеңири талкууга алынды. Бишкектеги Эл аралык университетте өткөн бул иш-чараны БУУнун адам укугу боюнча жогорку комиссарынын жергиликтүү өкүлчүлүгү менен ыктыярчылар программасы биргеликте уюштурган. Семинардын экинчи түрмөгү сентябрь айына белгиленди жана анда аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо, балдар укугу жана кыргыз мыйзамдарын эл аралык мыйзамдарга ылайык өнүктүрүү сыяктуу маселелерге көңүл бурулмакчы. (EBM)