Кыргызстанда көпчүлүк эл президенттик шайлоого катышат

Бул тууралуу Балтик Сервейс жана Литвадагы Гэллап уюмдары жүргүзгөн иликтөөдө белгилүү болду. Социологиялык иликтөөгө ылайык, түштүк облустарда элдин басымдуу бөлүгү өлкө туура нукта өнүгүп баратканын айткан. Кыргызстандын түндүгүндө жана Бишкекте жашагандар арасында өлкө туура эмес жол менен баратат, деп ойлогондордун саны көп болгон. Сурамжылоого катышкандардын дээрлик көпчүлүгү башкы көйгөй катары жумушсуздукту, экономиканын өнүгүшүнүн төмөндөшүн, коррупцияны көрсөткөн. Курманбек Бакиевдин президенттик кызматында кетирген башкы мүчүлүштүк деп электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүшүн белгилешкен. Андан кийин коррупциянын, кылмыштуулуктун өсүшүн айтышкан. Социал-демократтар партиясынын маалымат кызматынан өкүлү Асылбек Болотбаевдин “Азаттыкка” маалымдашыча, бул сурамжылоого 1,5 миңдей адам катышкан. Алардын 79 пайызы президенттик шайлоодо добуш берерин айтып, мунун себебин өздөрүнүн милдети катары түшүндүрүшкөн. А. Болотбаевдин белгилешинче, бул уюмдар мындай иликтөөлөрдү бир нече ирээт жүргүзүшкөн жана иликтөөнүн жыйынтыгындагы жаңылыштык орто эсеп менен үч пайызды түзүшү мүмкүн.(EBM)