Манас аба майданында жайгашкан АКШ баш болгон антитеррордук коалициялык күчтөрдүн командачысы, полковник Кристофер Бенс кызмат мөөнөтү аяктаганга байланыштуу ыйгарым-укуктарын жаңы башчы, полковник Блэйн Холтко өткөрүп берди. Бул тууралуу антитеррордук күчтөрдүн маалымат кызмтынан бүгүн кабарлашты. Командачылыкты кабыл алуу аземинен кийин полковник Кристофер Бенс Манас базасынын андан аркы тагдырына байланыштуу маселени президенттер Курманбек Бакиев жана Барак Обама чечерин билдирген.Ошол эле мезгилде Бенс мырза америкалык жоокерлер Манастан чыгып кетүү боюнча айрым аракеттерди жасап жатышканын кошумчалаган. Белгилүү болгондой кыргыз бийлиги кабыл алган чечимдерге ылайык Манастагы аскерий база 18-августка карай чыгарылууга тийиш. (AiT)