Кыргыз-орус президенттери ири долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлыкты билдирди

14-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Москвада Орусия Федерациясынын башчысы Дмитрий Медведев менен баарлашты.
Президенттер кыргыз — орус алака-катыштарын андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Дмитрий Медведев орус-кыргыз мамилелеринин абалына канааттанарын айтып, эки тарап тең биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууга ынтызар экенин белгиледи. (AiT)