ЖККУ ЖККнын кеңейтилген жыйынында орус президенти Дмитрий Медведев билдиргендей бул негизги документтердин бири. “ЖККУ алкагында ыкчам аракеттенүүчү Жамааттык күчтөр чакан жана тез, бирок ошол эле учурда азыркы замандын коркунучтарына тез арада натыйжалуу жооп кайтаруучу күч болууга тийиш,” деп белгилеген орус президенти бүгүнкү жыйындагы чечимдерге кошулбаган мамлекеттер келечекте өз позицияларын өзгөртөт, деген ишеничин билдирди. ЖККУ ЖККнын кеңейтилген жыйынына КР президенти Курманбек Бакиев катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)