Президент Москвада кыргызстандыктар менен жолугушту

Жолугушуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде болду. Анда диаспорага байланыштуу мамлекеттин маданий жана экономикалык саясаты тууралуу сөз жүрдү. Өз сөзүндө Курманбек Бакиев Кыргызстан өнүгүүнүн инновациялык үлгүсүнө өтүп жаткандыктан, инвестицияга муктаж экенине токтолду. Баарлашууга улай мамлекет башчысы Орусиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин суроолоруна жооп берип жана мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө мамлекет мындан ары да аракет көрөт деп убада берди.
«Чоочун жерде жашоо оңой эмес. Эгер силер татыктуу иш таап, жашооңор дурус болсо, мен кош колдоймун. Бирок, түпкүлүгүндө өзүңөр болбосо да, бала-чакаңар кайтып келип, биргелешип Кыргызстанды көтөрсөк оң болор эле”, - деген каалоосун айтты Курманбек Бакиев.(ZKo)