Ирандын ички иштер министри Садык Махсули Махмуд Ахмадинежад добуштардын 62,6 пайызын алып, президенттик шайлоону жеңди деп расмий жарыялады. Бирок анын эки атаандашы мындай жыйынтыкты талашууда. Реформачыл саясатчы Мир Хосейн Мусавиге расмий маалыматка ылайык, шайлоочулардлын 33,7 проценти колдоо көргөздү. Ал буга чейин мыйзам бузуулар орун алганын айтып чыккан эле. Дагы бир талапкер Мехди Карруби да жыйынтыктар бурмаланды деп билдирди. Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменейи Ахмадинежаддын жеңишин кубаттаган билдирүү жасады.