Түркмөн президенти Илимдер академиясын каржылоону калыбына келтирүүгө буйрук берди

Мамлекеттик каражаттарда жарыяланган токтомдо Гурбангули Бердимухаммедов академиянын директорун дайындап, жаңы изилдөө бөлүмдөрү ачылаары айтылууда. Мурдагы президент маркум Сапармурад Ниязов академия - акчаны бекер коротуу деп, 1998-жылы аны жаап салган. Мекеме расмий түрдө 2 жыл илгери кайра ачылганы менен, ал каржыланбай келген жана кызматкерлери жок болчу.