Иш орундар жарманкесине 89 иш берүүчү катышты

Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча комитет бүгүн Бишкекте өткөн улуттук жарманкеге төрт миңден ашык адам келгенин кабарлады. Алардын сексенден ашык пайызы жумушка жолдомо алышты. Мектептердеги жумуш орундарга кызыккандар аз болду. Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуштардагы колунда жок үй-бүлөлөр үчүн да көчмө жарманке уюштурулуп үч миңдей иш орун сунуш кылынды. Ага 170тей адам кызыгып, алтымыш бешине жолдомо берилди. "XXI кылымдын кадрлары" деп аталган мындай жарманке ушуну менен үчүнчү ирээт уюштурулуп жатат. (EBM)