Төрага Айтибай Тагаев цементтин баасынын кескин көтөрүлүшүнүн себебин иликтөөнү Өнөр жай, соода, туризм, орто жана ишкерлик, транспорт, курулуш жана архитектура комитетине тапшырды. Комитет жакынкы күндөрдөгү жыйынында бул маселени карап чыгууга тийиш. Белгилүү болгондой акыркы мезгилде бир каптагы 48 кг цемент 230-250 сом болуп келген. Азыркы мезгилде 500-700 сом болуп баратат. Жогорку Кеңештин депутаты Жангороз Каниметовдун айтымында, цементтин баасын ооздуктоодо Мамлекеттик антимонополдук комитет алсыздыгын гана көрсөтүп келатат.(AiT)