АКШ президентинин кайрылуусуна Кыргызстан жооп даярдоого киришти

Бул тууралуу тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев буларды билдирди:

- Жооп кайрылууда айтыла турган сунуштарды Кыргызстандын министрликтери жана тармактык мекемелери менен чогуу даярдоону Президент Курманбек Салиевич Бакиев мага тапшырды”, - деп билдирди.

Кечээ президент Бакиев менен министр АКШ президенти Обаманын кайрылуусун талкуулашкан. Өз кайрылуусунда АКШ президенти Борбор Азия аймагында терроризм жана баңги соодасына каршы биргелешкен күрөштө буга чейинки жасаган жана жасап жаткан аракеттери үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирип, Ооганстандагы жана Пакистандагы кырдаалга кабатырлануусун билдирген. Ошондой эле Обама мындан аркы кызматташтыкты аныктоо максатында бийик деңгээлдеги делегацияны жиберерин маалымдаган.
Орусиялык окумуштуу Алексей Князев АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасы боюнча макулдашуу долбоору даяр экендиги, Кыргызстан АКШдан база үчүн 350 млн. доллар сурап жаткандыгы, база маселеси АКШ, Орусия президенттеринин июль жолугушуусунан кийин чечилери тууралуу божомолун ачыктады. Сарбаев кечээ АКШ базасын өлкөдөн чыгаруу чечиминен Кыргызстан кайтпай тургандыгын билдирген.(BuS)