Босниянын телеканалы согуш кылмышкери деп шектелип издөө салынган Ратко Младичти көргөздү

Сараеволук Эф-Ти-Ви каналы Младич туугандары менен эс алууда жүргөнү тартылган тасма жакында даярдалганын айтса, белграддык айрым адистер анын жаңылыгынан күмөн санашууда. Алар бир сааттан узакка созулган тасма эски видеосюжеттерден көчүрүлгөн деген пикирде.