ЕККУнун өкүлү: Кыргызстан демократияга карай дагы бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого тийиш

Бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУнун) Парламенттик Ассамблеясынын жетекчиси Жоао Соареш Кыргызстанга сапарын жыйынтыктап жатып, өлкөдө 23-июлда өтө турган президенттик шайлоонун өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Бир апта бою Борбор Азиянын үч башка мамлекетин кыдырып чыккан Соареш: “Кыргызстандын келечеги үчүн бул шайлоонун мааниси зор”, - деп айтты. “ЕККУ шайлоонун алдындагы, добуш берүү күнүндөгү жана андан кийинки окуяларга дыкат назар салып турмакчы. Кыргызстан демократияга карай дагы бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого тийиш”, - деди ал. 2007-жылдын декабрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында өлкөдөгү экинчи ири партия парламенттен орун ала албай калганын айтып, ЕККУ “Кыргызстан шайлоо боюнча ЕККУнун көптөгөн талаптарын аткара албагандыгын” билдирген болчу. Бул жолу, Соарештин айтымында, добуш берүү процессине көз салуу үчүн аталган уюм атайын өкүлдөрүн, көптөгөн байкоочуларын жиберет. (TD)