Кыргызстандын акыйкатчысы өзбекстандык кесиптешине кайрылган атат

Өзбекстандык чегарачылар аткан кыргызстандык жарандын сөөгү кечээ туугандарына кайтарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук администрациянын укук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Абдувахаб Кахаров билдирди. 29 жаштагы кыргызстандык жаран Улукбек Жороканович Усманов 7-июнда өзбекстандык чегарачылардын аткан огунан мерт болгон. Чек арада окко учкан кыргызстандыкты өзбек чегарачылары өз тарабына алып кетип, белгисиз себептер менен ушул убакка чейин сөөгүн бербей создуктурган. Кыргызстандын жергиликтүү бийлигинин карасуулук тургундун өлүмүн териштирүү аракетине майнап чыга элек. Бул аралыкта Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун кыргызстандык жарандын өлүмүнө байланыштуу Өзбекстандын акыйкатчысы Сайере Рашидовага кайрыларын билдирди. (BuS)