Бул тууралуу Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Айдар Мокенов парламентте Кыргызстан коммунисттери фракциясынын отурумунда билдирди. Ал бүгүн коммунистерге “ Көрсөтүлбөгөн салык, бажы милдеттерин жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштады. А.Мокеновдун айтымында, Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү 100-120 миллиард сомду түзөт. “Эгерде катталбаган мүлктөрдүн ээлеринин коопсуздугун мамлекет кепилдикке алса, бул каражаттардын бир бөлүгү мыйзамдаштырылат эле”,-дейт Мокенов. (AJ)