Жеңишбек Назаралиев президенттикке экинчи талапкер болуп катталды

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматтарга караганда Ж.Назаралиев мамлекеттик тил сынагын тапшырып, шайлоо коруна 100 миң сом күрө коюп, өлкө аймагынан 50 миң кол тамга чогултуп БШКга тапшырган. Кечээ БШК өлкө башчысы Курманбек Бакиевди президенттикке талапкер катары каттап, бүгүн ага президентке талапкердин №1 күбөлүгүн тапшырды. (AJ)