Замандын залкары Ч.Айтматовдун бейитине гүл чамбар коюлду

Бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ата Бейиттеги” көрүстөнүнө калемгердин замандаштары, анын талантын баалагандар, көркөм өнөр ээлери барышып гүл чамбар коюшту. Бул тууралуу маданият жана маалымат министри Султан Раев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, улуу жазуучунун күмбөзүн курууга алты эскиз сунушталып, бирөө жактырылды. “Жакын арада күмбөздү куруу иштери башталат. 12-июнда Улуттук филармониянын алдында Чыңгыз Айтматовду эскерүү-реквиеми өткөрүлөт”,-деди министр. Өткөн жылы 10-июнда кечке маал Германиянын Нюрнберг клиникасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов эки тараптуу пневмониядан улам дүйнөдөн кайткан. Ал Татарстанда өзү тууралуу даректүү тасмасына тартылып жаткан учурда 16-май күнү бөйрөгү ооруп, Татарстандын республикалык ооруканасына жаткырылган. Москвалык дарыгерлер Чыңгыз Айтматовдун оорусуна септикалык шок же кандын инфекцияланышы, эки тараптуу пневмония жана бөйрөктүн чукул начарлашы деген диагноз коюшкан. 19-майда ал Нюрнберг ооруканасына жеткирилген болчу. 2008-жыл Кыргызстанда Айтматов жылы деп жарыяланган эле. (AJ)