АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович

Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри, Социал-демократтар партиясынын төрагасы

1956-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган. Кыргыз.

Билими – 1980-жылы Орусиянын Башкаруу академиясын аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

1980-1981-жылдарда Кыргыз ССРинин байланыш министрлигинин инженери

1981-1983-жылдары Фрунзе шаарында ДУ-4тө башкы инженер

1983-1987-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумда иштеген

1987-1989-жылдары Фрунзе шаардык Эл депутаттары Советинин Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары

1989-жылы «Форум» фирмасын негиздеп, аны башкарган

1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты

1997-1999-жылдары "Кыргызавтомаш" АК башкы директору

2005-жылы Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу

2005-2006-жылдары - Өнөр жай, соода жана туризм министри

2006-жылы апрелде Өнөр жай, соода жана туризм министри кызматынан бийликтин жүргүзгөн саясатына каршылыгын билдирип, отставкага кеткен

2007-жылы 29-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев ошондогу премьер-министр Азим Исабековду отставкага кетирип, ордуна Алмазбек Атамбаевди премьер-министр кылып дайындаган.

2007-жылы 28-ноябрда А.Атамбаев премьер-министрлик кызматтан кеткен.

2000-жылдагы президенттик шайлоого катышкан.

2005-жылы Кыргызстан Элдик конгрессинин лидери

2005-жылдын 24-мартындагы митингдин башында тургандардын бири.

2005-жылы 28-апрелде Ош облусунун Акташ айылынын тургундары аны президенттикке көрсөткөн, бирок 13-майда А.Атамбаев К.Бакиев жана Ф.Кулов тандеми түзүлгөнгө байланыштуу өз талапкерлигин алып салган.

Премьер-министрлик кызматка оппозициянын сунушу менен макулдашып барганы тууралуу маалыматтар бар. Өкмөт башчы кезинде «Кристалл» заводун мамлекетке кайруу демилгесин көтөрүп, аны ишке ашырган. Бюджет ал жылы профицит менен чыккан.

Быйыл апрелде оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын “Арашан” айылында өткөн жыйынында президентикке оппозициядан бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлдү. Мамлекеттик тил комиссиясы аны кыргыз тилин билет деген бүтүмүн чыгарып берди.