Көчө балдарын ишке орнотуу боюнча борбор ачылат

Мындай ресурсттук борбор Бишкектеги жаштардын эмгек биржасынын алкагында түзүлмөкчү. Ачылышы эртең, 10-июнда болот. Аталган мекеменин башчысы Азиз Идирисовдун “Азаттыкка” билдиришинче, анда реабилитациялык борборлордогу иштегиси келген өспүрүмдөргө кеп-кеңештер, жумуш табууга көмөктөр берилип турмакчы. Бул иш-чара Улуттар уюмунун өнүгүү программасы менен Миграция жана калкы жумушка орноштуруу боюнча мамкомитеттин кароосуз калган балдарды ишке тартуу, коомго аралаштыруу боюнча түзгөн келишиминин алкагында жүргүзүлүүдө. (EBM)