Ооганстанда жарылуудан бир адам өлүп, ондогон киши жаракат алды

Окуя өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кунар провинциясынын борбору Асадабад шаарында болду. Провинциянын полиция башчысы Абдул Жалалдын билдиргенине караганда, чогулуп турган адамдарды көздөй кимдир бирөө граната ыргыткан. Жарылуудан бир жаш бала каза таап, элүүдөй киши жаракат алды. Учурда полиция граната ыргыткан адамды аныктоонун үстүндө иштөөдө.

Ал эми жаракат алгандардын айрымдары менен күбөлөрдүн Рейтер агенттигинин кабарчысына айтканына караганда, гранатаны америкалык аскер ыргыткан. Мунун алдында америкалык аскерлер түшүп келе жаткан автоунаанын дөңгөлөгү жарылып, токтоого аргасыз болгон эле.

Ассошейтерд Пресс агенттиги жергиликтүү бир расмий өкүлгө шилтеме берип, америкалык аскерлер гранатаны алар ичинде балким жанкечти бар деп шектеген автоунаага ыргытышкан деп маалымдады. АКШнын Кабулдагы аскерий өкүлү Кунар провинциясынан түшкөн маалыматтар иликтенип жатканын билдирди.