ЕКУУ ПА жетекчиси жарандык коом менен жолугушту

“Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча жолугушууда шайлоо кодексинин, демократия талаптарынын бузулуп, жарандардын пикет-митинг өткөрүү укугу көз-көрүнөө тебеленип жатканы, Ноокат окуясы жана башка адам укуктарына тиешелүү маселелер тууралуу кеп болду. “Жоао Соареш
саясий туткундарга кызыгып, барбы деп сурады. Биз ага белдүү оппозициячылар түрмөдө жатышкандыгын, бийлик өз бийлигин сактап калуу үчүн ар кандай жаман иштерге да барып жаткандыгын айтып, Түптөгү окуяны айтып бердик,” –дейт Төлөйкан Исмаилова. ЕККУ ПА жетекчиси бул фактыларды карап, бир пикирин айтарын билдирүү менен өлкөдө демократия жана ачык коом курулушу –эң биринчи ошол өлкөдө жашаган жарандардан көз каранды, алардын аракетинен, көз карашынан көз каранды, деп белгиледи. Анын айтуусунда эркиндик, тынчтык, өнүгүү үчүн ар бир жаран кызыкдар болууга тийиш.
ЕККУ Парламенттер ассоциациясынын жетекчиси Жоао Соареш Бишкекке түндө учуп келген. Ал президент К. Бакиев, ЖК төрагасы, БШК төрагасы, тышкы иштер министри жана КР өкмөттүк аппаратынын жетекчиси менен жолугушары күтүлүүдө.(ZKo)