16- июндан баштап Москва районунда нааразылык иш чаралары өтөт

Бул туурсында камакта жаткан “Болуш” бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаевдин иниси Азиз Аргынбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымына караганда, 16- июндан тарта Э. Бөлөкбаев менен С. Аргынбаевдин туугандары кайрадан нааразылык акцияларын башташат. Бирок буга чейин Москва районунун акими Кубанычбек Сыйданов “нааразылык акциялары эч кандай натыйжа бербейт, андан көрө кечирим суроого барышса болмок” деген пикирин “Азаттыкка” бир нече ирээт билдирген. Ал эми нааразылыкка чыккандар камакка алууну саясий куугунтук деп баалашаарын айтышат. Үстүбүздөгү жылдын 26- 27- апрель күндөрү белгилүү саясатчы Э. Бөлөкбаев жана “Болуш” бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаев, Петровкадагы башаламандыктын уюштуруучусу катары камакка алынышкан эле. (JJ)