Курманбек Бакиев Нарында иш сапары менен жүрөт

Президент Курманбек Бакиев “Кошой” стадионунда болуп өткөн Атбашы районунун тургундары менен болгон жолугушуу учурунда айыл чарбасын каржылоо 2005-жылга салыштырмалуу 7 эсеге көбөйгөндүгүн белгиледи. Азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баалар күн санап өсүп жаткан убакта айыл чарбасы рентабелдүү тармакка айланышы керек, ошондуктан азык-түлүктү көбүрөөк чыгарып, экспортко жөнөтүүгө аракеттенүү зарыл, деди мамлекет башчы. Президенттин айтымында жолдорду курууга жана реконструкциялоого жамшалып жаткан каражаттын көлөмү 2005-жылга салыштырмалуу 8,5 эсеге өскөн. Бул жылы Бишкек-Нарын-Торугарт жолу Карасуу айлынын көпүрөсүнөн баштап реконструкцияланмакчы. Бул тууралуу президенттик басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)