Ливанда парламенттик шайлоодо Батыш колдогон антисириялык коалициянын лидери Саад Харири менен Сирия, Иран колдогон шийилердин “Хезболла” уюму жана анын шериктеринин ортосунда таймаш айрыкча курч болору күтүлүүдө. Ливандын мурдагы премьер-министри, террордук кол салуудан мерт кеткен Рафик Хариринин уулу Саад Харири кечээ Бейрутта тарапкерлери менен жолугушту. Алдын-ала божомолдоолорго караганда, Саад Хариринин коалициясы 128 орундуу парламентте 70 орунга, ал эми алардын атаандашы – “Хезболла” уюму 58 орунга ээ болушу ыктымал.