“Ачык саясат”: Гезит кабарчыларына кысым күчөп баратат

Буга байланыштуу бүгүн “Ачык саясат” гезити Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочуларга кайрылганы жатат. Бул тууралуу гезиттин баш редакторунун орун басары Рыскелди Момбеков “Азаттыкка” билдирди. Жума күнү гезиттин баш редакторунун дагы бир орун басары Абдувахаб Мониев белгисиз адамдардардан катуу токмок “жеп”, ооруканага жеткирилген. Момбеков муну журналисттин түздөн-түз кесиптик ишмердиги менен байланыштырды. Анын айтымында буга чейин президенттин аброюна доо кетирген макалаларды жазып жатасыңар деп Бишкек шаардык прокуратура Момбековго, Биринчи май райондук прокуратура журналист Айбек Шамшикеевге оозеки эскертүү берген. Ал эми гезиттин баш редактору Бабырбек Жээнбековду бейтааныш жигиттер кеңсеге келип, коркутуп, кысымга алып кетишкен. (BuS)