Улуттук илимдер академиясында Пржевальскийди эскерген жыйын болот

Николай Пржевальский учурунда Борбор Азияга төрт жолу экспедиция уюштурган окумуштуу жана саякатчы катары таанымал. Ал Петербург илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү болгон. Пржевальский – Борбор Азия чөлкөмүндө бир катар чокуларды ачканы, аймактагы өсүмдүктөр жана жаныбарлар боюнча баалуу коллекция чогултканы, биринчи жолу чөлкөмдөгү жапайы төө менен жылкыны (Пржевальский жылкысы) сүрөттөгөнү менен аты чыккан. Советтер союзу учурунда анын ысымы азыркы Кара-Кол шаарына берилген. (IJz)