Москва шаарында кыргыз диаспораларынын конгресси болот

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргенге караганда, кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен ишкерлер катыша турган конгресс 14-июнда өтмөкчү. Ага Орусиядагы кыргыз диаспоралары катышып, бир катар маселелер талкуланары айтылууда. Атын атагысы келбеген кыргыз диаспоралары менен кыйла жылдар бою иштешкен жарандын божомолунда, мындай конгрессти уюштуруу аркылуу учурдагы бийлик президенттик шайлоодо Орусиядагы кыргыз жарандарынын добушуна ээ болгусу келип жатат. Орусиядагы кыйла кыргыз диаспораларынын башын бириктирген “Замандаш” ассоциациясынын координатору Айсулуу Алымбек кызы “Азаттыкка” билдиргенге караганда, конгрессти уюштурууга алар катышкан жок, бирок өз өкүлүн жиберүүгө камынышууда. (IJz)