Май айынын соңунда Түркия президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Абдуллах Гүл Бишкекте президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүлөрдө Ооганстан маселесине өзгөчө көңүл бурулганын билдирген. АКШнын эң жакын союздаштарынын бири ошентип Бишкекте Манастагы аскерий базанын тагдырын козгогону кыйыр түрдө маалым болгон.
1-июнда президент Курманбек Бакиев Пакистан жана Ооганстандагы кырдаал боюнча күч министрликтеринин жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Анда бул өлкөлөрдөгү кырдаалдын Кыргызстанга таасир этүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.
4-июнда президенттин маалымат кызматынын өкүлдөрү ооган президенти Хамид Карзайдын Курманбек Бакиевге жолдогон каты, анда Хамид Карзайдын июнь айынын ортосунда Екатеринбургда боло турган Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинде Курманбек Бакиев менен көзмө-көз жолугушуу ниети жана Ооганстандагы антитеррордук күрөшкө колдоо көрсөтүү үчүн Манастагы АКШнын базасын калтыруу өтүнүчтөрү билдирилген.
Бул окуялардын тизмеги "Манастагы" база айланасында ой жооруларды жана база калат деген сөздөрдү күчөттү. Маселен, мына ушундай пикирин Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов билдирди.Ага улаалаш мурунку коргоо министри Исмаил Исаков да ушундай пикирин ачыктады:
- “Манас” аскер базасы, албетте, калат. Себеби дегенде аны чыгарганда Кыргызстан эл аралык коомчулуктун алдында, өнүккөн өлкөлөрдүн алдында аброюн түшүрүп, тышкы саясаты туура эмес болгонун далилдеп берет да. Ошондуктан булар бир шылтоо табат дагы бул база калат. Ооганстанда абал оңолмоюнча бул база керектигин баары эле түшүнүп турат. Өнүгөм десең өнүккөн өлкөлөр менен дос болуш керек.
Расмий бийлик Ооганстандын өтүнүчүн ачыктап, ошого жараша Пакистан жана Ооганстандагы кырдаалды өз жыйындарында талкуулап, коомчулукту база боюнча жаңы чечимдерге даярдай баштагандай.
Саясат таануучу Жолборс Жоробеков кырдаалга жараша кыргыз бийлигинин чечими өзгөрүүсү мүмкүн деп эсептейт:
- Эгерде база кала турган болсо, албетте, дүйнөлүк коомчулуктун пикирин карап, өзүбүздүн өлкөнүн имиджине карап, андан кийин баягы калыбында эмес, башкачараак статуста, ал жердеги аскерлердин дипломатиялык кол тийбестигин, андан кийин финансылык төлөмдөрдү кайра карап, мүмкүн узартса болот деген ой бар. Мен бул ойду эмне себептен айтып жатам? Анткени бул дүйнөдө өзгөрбөгөн, катып калган нерсе жок. Бардык нерсе шартка жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Бирок Манастагы аскерий базаны чыгаруу боюнча бардык чечимдер кабыл алынып, мөөнөттөр такталган. Ал боюнча 18-августка карай база чыгарылыш керек.
Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдырасаков кабыл алынган чечимдер өзгөртүлбөйт деген пикирде:
-Эми Манастагы аскерий базаны кайра калтыруу мүмкүн эмес. Биринчиден, бизге элибиздин коопсуздугу керек. Экинчиден, кетирип алып, кайра калсын деп чыксак, өзүбүздүн аброюбуз кетип калат. Эң негизгиси коопсуздук. Бир эле террорчу келип Манасты жардырып кетиши мүмкүн. Мусулман мамлекеттер база берген үчүн Кыргызстанды жаман көрүп келишкен. Ошол эле Ооганстан, Пакистан, Иран. Биздин президент сунуш менен чыкпадыбы, Ганси базасы боюнча эмес, Бишкекте Ооганстан боюнча сүйлөшө турган борбор ачайлы деп. Бул жакшы идея.
Бирок социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Мурат Жураев Манастагы база Россиянын макулдугу менен дагы бир нече жылга калат деген маалымат бар экенин билдирди:
- Азыркы күндө мага келген маалыматтар боюнча, америкалык базаны 2014-жылга чейин калтыруу боюнча келишимдер түзүлүп жатат экен. Демек алардын кетебиз деген ниети жок. Мен ойлоп жатам америкалыктар калат. Калганда дагы аны Москва аркылуу Бишкек менен сүйлөшүп калышат. Бул жерде Москванын ролу жогору. Базаны чыгаруу чечиминин кабыл алынышы менен Москва Орто Азияда таасири күчтүү экенин көрсөтүп койду. Ооганстанда тынчтык болушуна Россия да кызыкдар. Ооганстан тынч болсо Биздин Орто Азияда да тынч болот. Ошон үчүн база баары бир калат деп ойлоймун.
Кыргыз-өзбек чек арасы....
Манас базасы Кыргызстанды регионалдык саясатта өзүнчө оюнчуга айлантып турган чакта коңшу өлкө Өзбекстан менен чек арадагы мамиле кескин курчуп кетүү деңгээлине жетти. Эки тарап аскерлерди барымтага алууга чейин барышты. Бул маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков мындай ырастады:
- Биринчи июнда ошондой окуя болгон. Биздин унаабыз Ош тараптан Баткенге жүк ташып бараткан жерде Айырбаз-Кадамжай ортосунда чек арадан өткөн жол бар, ошол жерде делимитация иштери жүрүп жатат, ошол жолдо көзөмөлдө жүргөн өзбек чек арачылары токтотуп, алты саатка кармашкан. Андан кийин чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол күнү биздин жоокерлер жана унаабызды коюп жиберишкен. Биз тараптан дагы Кадамжай чек ара бекетинде Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн эки кызматкерин токтотулган. Ал жерде документтери туура эмес болгону үчүн токтотулган. Ошол эле замат сүйлөшүүлөр өткөрүп, төрт сааттан кийин алардын жоокерлерин өткөрүп жибергенбиз.
Чек ара кызматынын төрагасынын орун басарынын маалыматы боюнча Кыргызстан чек арачылары эки өлкөнүн чектешкен аймактарында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Ошондой эле күчөтүлгөн тартипте кыргыз-тажик чек арасында да кызмат өтөлүүдө.
Бул арада өзбек президенти Ханабадка кол салууга байланыштуу Кыргызстанды дагы айыптап сүйлөдү. Өзбекстандын интернет сайттарында кыргыз аскерлеринин алсыздыгы, Баткен коогалаңы боюнча айыптоолор көбөйдү. Бирок алар, албетте, Баткен коогалаңынын учугу да, акыркы окуялардын өзөгү да Өзбекстандын өзүндө экенин моюнга алган эмес.
Кыргызстандык саясат таануучу Токтогул Какчакеев өзбек тараптын басмырлоо саясаты советтик доордон бери уланып келатканын белгилеп, бирок Алма-Ата жыйынында Курманбек Бакиевдин сөзү Ташкен саясатында жаңы өзгөчөлүктү пайда кылганын, эки өлкө ортосундагы маселени жогорку деңгээлде сүйлөшүү менен чечүү зарылдыгын кошумчалады:
- Мындай маселени чоң деңгээлде ийри отуруп, түз сүйлөшүүбүз керек. Анткени чоң мамлекет болобу, кичи мамлекет болобу теңчилик керек. Ал эми теңчилик БУУнун уставында бекитилген. Ошондуктан бүгүнкү күндө Өзбекстанга суу керек болсо, Кыргызстанга газ керек. Ушундай нукта сөздү Алма-Атада биздин президент Курманбек Бакиев жарыялап, аны далилдеп берди. Мен ойлоп жатам биздин президенттин чечкиндүү сөзүнөн кийин ушул Чектен баштап, ушул күнгө чейин сырт салган кандайдыр бир жаңы саясаттын үлгүсү көрүнүп жатат.
Жетөөнүн бири президент...
Кыргызстандын ички саясатында узап бараткан жумада Түп окуясынын жаңырыктары жаңырып, БЭКтин лидерлери маалымат жыйынын өткөрүштү. Ал эми президенттикке талапкерлер топтогон колдорун тапшырышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2-июнга карай 50 миңден кем эмес жарандын кол тамгасын топтоп жети гана талапкер тапшырды. Алар Акбаралы Айтикеев, Алмазбек Атамбаев, Курманбек Бакиев, Жеңишбек Назаралиев, Темир Сариев, Нурлан Мотуев жана Токтайым Үмөталиева.
БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин айтымында, жети талапкер тапшырган кол тамгалар 7-июнга чейин текшерилип, андан кийин талапкерлердин кимиси бул сынактан өткөнү маалым болот. Ал эми текшерилген колдор БШКга кайсы талапкерлер тарабынан тапшырганын Бөрүбаев маалымдады:
- 1-июнь күнү талапкерлердин ичинен Курманбек Салиевич Бакиевдин ишенимдүү өкүлдөрү облустук шайлоо комиссияларынан текшерилип өткөрүлгөн 1миллион 200 миң колду БШКга тапшырды. Ошондой эле алдын-ала маалыматтарга караганда, айрым жерлерде жети талапкер, айрым жерде сегиз талапкер облустук шайлоо комиссияларына өздөрүнүн топтогон колдорун тапшырып, 2-июнда аяктады. Алар Назаралиев, Сариев, Мотуев, Атамбаев,Үмөталиева, Айтикеевдер болуп жатат.
Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси Бакыт Бешимов Атамбаевдин пайдасына жарым миллиондой жарандын кол тамгасы топтолгонун билдирген. «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариевдин пайдасына 85 миңден ашуун жарандын кол тамгасы топтолгону кабарланган.
Мына ошентип, президенттикке талапкерлер мыйзамдык сынактардан улам өтүп келатат. Эми алар расмий түрдө катталып, андан кийин шайлоонун активдүү бөлүгүнө-үгүт өнөктүгүнө өтүүгө камдана башташат.
Президенттик шайлоо кампаниясынын алкагында оппозициянын аракеттерине Ысык-Көл облусунда жергиликтүү бийлик тараптан айыгышкан каршылык көрсөтүлдү. 31-майда Түпкө белгиленген курултайга бараткан оппозиция лидерлери Ысык-Көлдүн ар кайсы жеринде милиция, жергиликтүү бийлик тарабынан кармалып, чагымчылар ортого от салууга аракет жасады.Натыйжада оппозициянын курултайы үзгүлтүккө учурады.
Бириккен Элдик Кыймыл бийликтин мындай аракетин кескин айыптап, сотко кайрыларын билдирди. Бийлик тараптан болсо Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбек Акун гана жергиликтүү бийликтин аракетин айыптап, окуяга укуктук баа берүү талабы менен Президентке, Башкы прокурорго, Жогорку Кеңешке кайрылды. Өз кайрылуусу тууралуу Турсунбек Акун буларды билдирди:
- Биз он беш жылдан бери адам укугу,сөз эркиндиги, демократияны өнүктүрүү үчүн аракеттенип, он беш жылдын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Ээн-эркин пикет, митингдерди өткөрүп келдик. Демократияны өнүктүрүү боюнча пикирибизди айтып келдик. Тынч чогулуп келдик. Бир жерден экинчи жерге каттап, Аксы, Сузака чейин барып келип жаттык. Бул деген чоң жетишкендик. Мисалы үчүн биздин коңшу өлкөлөрдө андай эмес. Ал эми Ысык-Көлдө, Түптө болгон окуя ушулардын баарын жокко чыгарып жатат. Ысык-Көл облусунун бийлиги булардын баарын четке кагып жатат. Алар адамдарды, аялдарды уюштуруп, соттун ролун өздөрүнө алып, пикет, митинг өткөргөнгө жол бербей, адамдардын көйнөктөрүн тыттырып, сабаттырып, таш менен урдуруп, элди-элге каршы коюп, мына ушундай иштерге барып жатышат. Бул деген кылмышка чейин жеткен кадам. Ошон үчүн бул боюнча чара көрүү маселесин коем.
Белгилей кете турган нерсе, 2004-жылы декабрь айында азыркы президент, ал кездеги оппозиция лидери Курманбек Бакиев жана анын пикирлештери Балыкчыда ошол кездеги бийлик уюштурган чагымчылардын чабуулуна кабылып, иш чарасы үзгүлтүккө учурай турган болгон. Бирок саясатчы Султан Урманаев Бакиев жана анын тарапкерлерине имарат берип, Кыргызстан Элдик Кыймылы өз жыйынын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алган эле. Эми болсо Курманбек Бакиевдин бийлиги оппозицияга Балыкчыда өз башынан өткөн окуяны кайталап жатат...
Президент Бакиев демократия менен мыйзамдуулуктун балансын камсыздоо үчүн «Жаңы багыт» саясатын жарыялаган. Бирок ал саясат Ысык-Көлдөгү куугунтук менен ишенимден кетерин оппозициялык саясатчылар белгилешүүдө.